Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Түркияда президенттик шайлоонун 2-туру өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 мая 2023 | 313 | 0

Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши президенттик шайлоонун экинчи туру өтөрүн жана ал 28-майга белгиленгенин буга чейин кабарлаган. Түркияда президенттик шайлоо алгачкы жолу эки тур менен өтүүдө. Анда учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоган менен оппозициячыл талапкер Кемал Кылычдароглунун арасында атаандаштык жүрмөкчү.

Шайлоонун биринчи туру 14-майда өтүп, анда азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган 49,51%, ал эми анын бириккен оппозициядагы негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88% добуш алган. Үчүнчү талапкер Синан Оган 5,7% добушка ээ болгон.

Белгилей кетсек, Түркиядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында оңчул «Ата» альянсынын талапкери болгон Синан Оган экинчи турда өлкөнүн азыркы президенти Режеп Тайип Эрдоганды колдой турганын билдирген. Ал эми аны талапкер катары көрсөткөн альянстын лидери, саясатчы Үмит Өздаг оппозициячыл талапкер Кемал Кылычдароглуну колдо турганын жарыялады.

Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоолор тарыхый деп бааланды, анткени шайлоонун биринчи турунда шайлоочулардын дээрлик 90%ы добуш берүүгө катышты. Жалпы шайлоочулардын саны 61 млн 191 миң 880. Шайлоонун биринчи турунан кийин дагы 50 миң жаңы шайлоочулар кошулганы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM