Биз менен байланышыңыз

БШК: Шайлоо өнөктүгү учурунда одоно мыйзам бузуулар катталган жок

Кыска кабар | 28 мая 2023 | 286 | 0

№26 Ленин шайлоо округунда өтүп жаткан мөөнөтүнөн мурда шайлоонун өнөктүгүндө одоно мыйзам бузуулар катталган жок. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна жалпы беш арыз келип түшкөн. Анын үчөөсү шайлоо өнөктүгүнүн алкагында үгүт иштеринин шарттарын бузуулар жөнүндө, дагы эки арыз-даттануу шайлоочулардын добушун сатып алуу ыктымалдыгына байланыштуу келип түшкөн.

Бардык арыздар өз компетенциясынын чегинде кароо жана укуктук баа берүү үчүн дароо укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Учурда бул арыздар боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун башчысы белгилегендей, бул шайлоодо мурдагы шайлоо өнөктүктөрүнө салыштырмалуу мыйзам бузуу фактылары кыйла аз катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM