Биз менен байланышыңыз

№26 Ленин шайлоо округу: алдын ала добуш берүүгө 83 адам катышты

Кыска кабар | 28 мая 2023 | 191 | 0

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн кечээ, 27-майда көчмө үкөктөр иштеп, 83 адам добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн түзүп берүү өтүнүчү менен 97 шайлоочудан арыз түшкөн.

Алардын арасынан:

• улгайгандыгына байланыштуу — 5;

• майыптыгы барлар — 28;

• ооруп жаткандыгына байланыштуу – 41

• Башка категорияларга киргендер -23

Алардын арасынан – 83 шайлоочу  (85, 57%) добуш берди.

14 шайлоочу (14, 43%)  добуш берген жок.

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоочулар добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албагандыктан алар добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүүгө укуктуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM