Connect with us

Кыргызстанда 4 айда 2 миңден ашык турак жай курулду

Кыска кабар | 27 Май 2023 | 308 | 0

2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда жалпы аянты 272,2 миң чарчы метрди түзгөн 2342 жеке турак жай курулган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Маалыматка ылайык, жеке турак жайлардын эң көп саны Жалал-Абад облусунда курулган – 598. Ош облусунун аймагында курулган үйлөрдүн саны 524. Чүй облусунда 407 жеке турак жай курулган.

Ошондой эле Баткенде 215, Ысык-Көлдө 194, Нарын облусунда 69, Талас аймагында 148 жеке турак жай курулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM