Биз менен байланышыңыз

Президенттин катышуусунда «Мурас» футболдук турнири башталды

Кыска кабар | 27 мая 2023 | 190 | 0

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда кезектеги футбол боюнча «Мурас» достук мелдеши башталды.

Мелдештин ачылышында мамлекет башчысы катышуучулар менен саламдашып, бардыгына ийгилик каалады.

«Бул ирет биздин турнирге жаңы командалар кошулду. Ошондой эле турнир 40 жашка чейинкилер арасында да өтүп жатат. Жыл өткөн сайын биздин арабыз көбөйүүдө, бул кубандырбай койбойт. Дени сак адамдын, акылы сергек. Турнирде күчтүү команда жеңсин», — деди ал.

Садыр Жапаров министрлер, мамлекеттик органдардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген «Президенттин администрациясы» командасынын курамында ойнойт.

Турнирге жалпысынан 16 команда катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM