Биз менен байланышыңыз

Социалдык фонд мамлекеттик тил боюнча жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 27 мая 2023 | 156 | 0

Социалдык фонддо мамлекеттик тил боюнча кеңейтилген жыйын өттү. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Улан Жумаевдин, фонддун түзүмдүк башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчылары жана жалпы кызматкерлердин катышуусунда өтүп, анда мамлекеттик тилди өркүндөтүү, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү талкууланды.

Ошондой эле жыйынга аталган мекеменин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери жана кызматкерлери онлайн форматта катышты.

Мындан тышкары жыйынга Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жана «Кыргыз тест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская катышып, алар мамлекеттик тилди өркүндөтүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө Социалдык фонддун аткарып жаткан иштери тууралуу өздөрүнүн пикири менен бөлүшүп, айрым жагдайлар боюнча сунуштарын беришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM