Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ленин округу боюнча шайлоо алдындагы «жымжырттык күнү»

Кыска кабар | 27 мая 2023 | 159 | 0

Бүгүн, 27-май Кыргызстанда Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун алдындагы «жымжырттык күнү». Бүгүн эртең мененки саат 08.00дө талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери аяктады.

Бул күнү (шайлоого 24 саат калганда) талап үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Белгилей кетсек, Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 30 талапкер ат салышууда. Шайлоо эртең, 28-майда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM