Биз менен байланышыңыз

Оштун 5 тургуну экстремисттик уюмдардан баш тартты

Кыска кабар | 27 мая 2023 | 108 | 0

Ош облусунун 5 тургуну диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун жана «Катиба Таухид Валь-Джихад» экстремисттик-террористтик уюмунун тарапташтарына түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Тагыраак айтканда, Ош облусунун жашоочулары Ш.М.Н., Х.у.Х., Э.М.Н., Б.Ш.П. («Хизбут-Тахрир» ДЭУнун тарапташтары) жана Р.Ж.Р. («Катиба Таухид Валь-Джихад» ЭТУнун) аттуу жарандар кармалып, аларга карата профилактикалык иш-чаралар көрүлдү.

Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чарасынын жыйынтыгында алар экстремисттик уюмдардын мүчөлүгүнөн баш тартып, мындан ары мыйзамдарды сактоого жана тыюу салынган диний уюмдардын катарына кирбөөгө милдеттеништи.

УКМК бул багыттагы иштерди улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM