Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

Кыска кабар | 26 мая 2023 | 330 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланганын кабарлады.

Сыйлык төмөнкү 11 номинация боюнча тапшырылат:

  1. Адабият жаатындагы мыкты чыгарма;
  2. Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма;
  3. Музыкалык искусство жаатындагы мыкты чыгарма жана мыкты аткаруучу;
  4. Көркөм искусство (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство) жаатындагы мыкты чыгарма;
  5. Шаар курулушу, архитектура жана дизайн жаатындагы мыкты долбоор;
  6. Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы;
  7. Кино жаатындагы (сценарийлик, композитордук, режиссёрлук, операторлук, актёрлук) мыкты жетишкендик;
  8. Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш;
  9. Экономика, бизнес, меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик;
  10. Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик;
  11. Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн.

Сынакка катышууну каалаган жаштар төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

  1. сунуш кат
  2. чыгармачыл жаматтардын сунуштоо чогулушунун протоколу
  3. чыгармачыл мүнөздөмөсү
  4. буга чейин алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү
  5. көрсөтүлгөн иши тууралуу кыска (эки беттен ашпаган) аннотация (адабият жаатында: китептери)
  6. кыскача өмүр баяны
  7. 4×6 өлчөмүндө 2 фотосүрөт
  8. паспортунун көчүрмөсү

Сыйлыкка 35 жашка чейинки чыгармачыл адамдар катыша алат. Документтер ушул жылдын 10-августуна чейин Бишкек шаарындагы Пушкин көчөсү, 78 (Маданият министрлигинин имараты, Жаштар саясаты башкармалыгынын иш бөлмөсү) дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматты 0(312) 66-09-52, 62-11-94 телефон номерлеринен алууга болот.

Атайын комиссиянын тандоосунан өткөн чыгармачыл жаштарга лауреаттык диплом, төш белги, 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.

Айта кетсек, Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген. Сыйлыкка тандап алуу жобосуна 2016-жылы Өкмөттүн №632 токтому менен бир катар өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM