Биз менен байланышыңыз

Ташиев «Батуми» кафесинин ишин кайра карап чыгууну тапшырды

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 851 | 0

Бүгүн, 25-майда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Бишкек мэриясы тарабынан буздурулган «Батуми» тамактануучу жайына барды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Батуми» кафесинин ээси Кадича Бечелова расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жок экенин айтып, УКМК төрагасына даттанды.

УКМКнын төрагасы Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

Мындан тышкары Камчыбек Ташиев кандай гана жагдай болбосун, жөнөкөй жарандар жабыркап калбашы керектигин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM