Биз менен байланышыңыз

Футбол: Азия Кубогуна тандоо оюндарындагы атаандаштар аныкталды

Кыска кабар , Спорт | 25 мая 2023 | 243 | 0

Азия футбол конфедерациясынын башкы кеңсесинде 2024-жылы өтө турган U-23 Азия Кубогунун квалификациялык оюндарына чүчүкулак тартуу аземи өттү.

Тандап алуу оюндары быйыл 4-12-сентябрда болот. Финалдык оюн 15-апрелден 3-майга чейин 16 команданын катышуусунда 2024-жылы Катарда өтөт.

Азия биринчилигинин финалдык этабына жолдомо үчүн 11 топко бөлүнгөн 43 команда ат салышат.

Чүчүкулактын жыйынтыгында, Кыргызстандын оюнчулары «B» тайпасында Катар, Түштүк Корея, Мьянма курамалары менен бирге жайгашты.

«В» тайпасынын оюндары Түштүк Кореянын Чханвон шаарында өтөт.

U-23 Азия Кубогунун негизинде 2024-жылы Парижде өтө турган олимпиадага башкы үч орунду ээлеген командалар чыгат. Төртүнчү команда плей-оффто ойноого мүмкүнчүлүк алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM