Биз менен байланышыңыз

Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалды

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 179 | 0

Мектеп-интернатка бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ушул жылдын 24-майында саат 00:46да «Азиздер жана дүлөйлөр» коомдук бирикмесинин төрагасынын «Инстаграмдагы» жеке баракчасына «bombaa195» фейк аккаунтунан №21 адистештирилген мектеп-интернатынын аймагына бомба коюуну пландап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Атайын кызматкерлер мекеменин тарбиялануучуларын жана кызматкерлерин сыртка чыгарып, мектепти курчоого алдырып, текшерүү жүргүзгөн. Бирок мектептен жана анын аймагынан кооптуу эч нерсе табылган эмес.

Иликтөөнүн жүрүшүндө жалган маалымат жөнөткөн адам ушул эле мектеп-интернаттын тарбиялануучусу, Нарын облусунун 2001-жылы туулган тургуну Р.Ж.Р. экени аныкталып, колго түшүрүлгөн.

Учурда тергөө жүрүп жатканы, анын жыйынтыгында процессуалдык чаралар көрүлүп, кармалган адам жазага тартылары кабарланды.

Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, ушул өңдүү жалган маалымат тараткан адам беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM