Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз-казак ишкерлери катышкан бизнес-форум өттү

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 178 | 0

Бишкекте кыргыз-казак ишкерлери катышкан бизнес-форум өттү. Бул тууралуу Соода өнөр-жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан-Казакстан» аталыштагы форумду Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Бахтияр Мухамедзиев ачып, форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү жана соода мамилелерин активдештирүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Казакстандын 20дан ашык компаниясынын өкүлү катышкан форумдун аянтчасында эки өлкөнүн ишкерлери өз компанияларын, продукцияларын ийгиликтүү көрсөтүп, панелдик талкууларга катыша алышты. Казак ишкерлери кыргызстандык кесиптештери менен соода мамилелерин өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Иш-чаранын максаты эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Казакстандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкер байланыштарды түзүү болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM