Биз менен байланышыңыз

Депутат: Бишкекке оорукана салалы десек, мэрия кол койбой жатат

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 202 | 0

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушуна оорукана салалы десек, мэрия кол койбой жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Ал конушка поликлиника салуу үчүн эки ай мурун Катардан инвестор таап, 1 млн долларга келишим түзүлгөнүн, бул боюнча мэрдин өзүнө кирип чыгышканын белгиледи.

«Бишкек шаарынын мэрине киргенбиз, тапшырма берилген. Жер даяр турат, ошого кантип кол коюп берип койгонго жарабайт? Же инвестор аларга пара берип, анан чечишибиз керекпи? Бүгүн жаңы конуштар поликлиникага муктаж болуп турат», — деди депутат.

Ошондой эле оорукана салынып калса, ички жабдууларын да инвестор өзүнүн каражатына орнотуп берерин, учурда инвестор «кайра кетем» деген сыяктуу маселе козгоп жатканын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM