Биз менен байланышыңыз

УКМК: Чет элдик жаран салык кызматкерине пара берип кармалды (видео)

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 141 | 0

Чет элдик жаран салык кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ушул жылдын 23-майында салык кызматкерлери чет элден келип, ишкердик жүргүзгөн К.А.нын кампасына текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада анын салык кызматкерлеринен жашырып койгон товарлары табылган.

К.А. кампасындагы товарларды азайтып жаздыруу, текшерүүнү токтотуу үчүн салык кызматкерине 150 миң сом сунуштап, аны берип жаткан жеринен кармалган.

Кылмышка шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатканы маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM