Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Алыш боюнча балбандар 18 медаль утту

Кыска кабар , Спорт | 24 мая 2023 | 241 | 0

Кыргызстандык балбандар алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатында 18 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 24-май күнү Өзбекстандын Жизак шаарында өткөн алыш күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер жыйынтыкталган. Кыргызстандык спортчулар 11 медаль — 3 алтын, 4 күмүш, 4 коло уткан.

Кыз-келиндер арасында Аземи Камчыбекова (65 кг) жана Нагира Сарбашова (+75 кг) алтын медаль тагынган. Ал эми Элза Абдыкадырова (60 кг) менен Мырзайым Шайбекова (70 кг) күмүш медалга татыган. Ошондой эле Аяна Расулбекова (55 кг) коло байге алган.

Эркектер арасында Азизхан Мусабек уулу (90 кг) алтын уткан. Шерныяз Айбек уулу (70 кг), Ирлан Казбек уулу (80 кг) күмүш медалга ээ болгон. Баяман Абидинов (60 кг), Шеринбек Аалы уулу (100 кг) жана Бахтияр Мирлан уулу (+100 кг) коло медаль алган.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстандагы Азия чемпионатында алыштын классикалык түрү боюнча кыргызстандык балбандар 7 медаль уткан. Алардын алтоо алтын, бирөө коло байге. Муну менен кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында жалпы 18 медаль алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM