Биз менен байланышыңыз

«Экологиялык долбоорлорго инвестиция тартуу менен Кыргызстанды өнүктүрө алабыз»

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 196 | 0

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө байланышкан маселелерге көңүл буруп, парламенттик дипломатияны колдонуу менен инвестиция тартуу сунушун көтөрдү.

Эл өкүлү акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарганын белгиледи.

«Эгерде мурда алардын аянты 8 миң чарчы километрге жакын болсо, азыркы учурда 6 миң чарчы километрге да жетпейт. Акыркы 30-40 жылдын ичинде эле 164 мөңгү эрип кетти. Бул мөңгүлөрдү сактап калууга чара көрбөсөк, келечекте суу жок болуп кетиши мүмкүн», — деди Кадырбеков.

Депутат ошондой эле экологиялык аспектилерди эске алуу менен эл аралык мамилелер тармагында макулдашылган саясатты иштеп чыгуу зарылдыгын билдирип, экопедагогика, суу ресурстарын сактоо жана экотуризмди өнүктүрүүнү маселелерине кеңири токтолду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM