Биз менен байланышыңыз

Оштон Новосибирскке авиакаттамдардын саны көбөйдү

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 189 | 0

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 23-майда Ош-Новосибирск-Ош багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз авиакаттам ишке ашырылды.

Каттамдарды Airbus A-320 учагы жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү аткарат. Оштон Новосибирскке биринчи каттам  менен 169 жүргүнчү учуп кетти.

Аталган багыт боюнча башка авиакомпаниялар дагы жумасына сегиз жолу учушат.

Аталган авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия багыттары боюнча үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды аткарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM