Биз менен байланышыңыз

Баткенде жабыркаган ишкерлердин 15 млн сом насыясы жоюлат

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 193 | 0

Бүгүн, 24-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан демилгеленүүдө.

Бул мыйзам менен чек арадагы жаңжалда жабыркаган 74 ишкерге 200 миң сомдон берилген кредит кечирилет. Мурда ишкерлерге бөлүнгөн 15 млн сом суммасындагы бюджеттик кредит эсептен чыгарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM