Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Баңгизат жарнамасы илинсе, имараттын ээси жазага тартылсын

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 420 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Адахан Мадумаров бангизаттарды жарнамалоо Бишкекте негизги көйгөйгө айланып бара жатканын айтты.

Анын баамында, бангизат жарнама болбогон көчө калган жок. Үйлөргө, дарбазаларга, тосмолого чейин илинүүдө.

Депутат маселени чечүү жолу катары илинген баңгизат жарнамасы үчүн имараттын ээсин жазага тартууну сунуштады.

Ал мындай жарнамаларды ушундай жол менен гана токтотуу мүмкүн экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM