Биз менен байланышыңыз

Жапаровду Москвага коштоп кеткен делегациянын курамы

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 252 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда Орусиянын Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Орусияга учуп кетти.

Сапардын алкагында бүгүн мамлекет башчысы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртең, 25-майда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, Биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

Кыргызстандан барган расмий делегациясынын курамында:

Адылбек Касымалиев — Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;

Муратбек Азымбакиев — Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Гүлнара-Клара Самат — Кыргызстандын Орусиядагы элчиси;

Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;

Аяз Баетов — юстиция министри;

Асеин Исаев — тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Самат Кулмамбетов — Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн ЕАЭБ иштери боюнча секторунун башчысы;

Назарбек Малаев — экономика жана коммерция министринин орун басары.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM