Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо капиталдык оңдоо иштери башалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Долбоор боюнча стадиондогу 12 миң 500 отургуч толук алмаштырылып, административдик имараттын сырты жаңыртылат. Андан тышкары футболчулардын кийим которуучу жана жуунучу жайы капиталдык оңдоодон өтөт.
Бүгүнкү күндө жеринде курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат, оңдоо иштери Эгемендик күнүнө карата толук бүтөт.
Буга чейин 2019-жылы стадион экс-мэр Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси менен оңдолгон.