Биз менен байланышыңыз

Казакстан кыргыз студенттери үчүн 50 квота бөлдү

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 260 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктарга конкурстук тандоону жарыялаганын билдирди.

Маалыматка караганда, Казакстан бакалавриат, магистратура жана резидентура программалары боюнча окуу үчүн 50 орун бөлгөн.

Конкурстук тандоого катышууну каалаган талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасындагы «2023-2024-окуу жылына Казакстан Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу» бөлүмүнө катталып, керектүү документтерди 22-июнь саат 23:59 чейин жүктөшү керек.

Документтерди толук болбогондор автоматтык түрдө четке кагылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM