Биз менен байланышыңыз

Апрель окуясынын катышуучулары Кошалиевди кызматтан алууну талап кылышты

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 143 | 0

Бүгүн, 23-майда Бишкектеги 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларынын эстелигинин жанына 30дан ашык адам чогулду.

Алар мурдагы президент Курманбек Бакиев менен УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиевдин маегине нааразылыгын билдиришүүдө.

Чогулгандар өздөрүн апрель революциясынын катышуучулары катары тааныштырып, мамлекеттик маалымат каражаттарынан Кошалиевди кызматтан алууну талап кылышты.

Алар дооматтарын айтуу үчүн УТРКнын имаратына жөө жүрүш жасоону көздөшүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM