Биз менен байланышыңыз

Пашинян: Тоолуу Карабахты Азербайжандын аймагы деп таанышыбыз мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 23 мая 2023 | 361 | 0

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян эгер Баку Тоолуу Карабахтагы армяндардын укуктарына кепилдик берсе, Ереван Тоолуу Карабахты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экендигин айтты.

«Азербайжан аймактын 86 миң 600 чарчы метрине ээлик кылат. Эгер биз бири-бирибизди туура түшүнсөк, анда Армения Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн көрсөтүлгөн чек аралардын алкагында тааныйт. Баку болсо Армения ээлик кылган 29 миң 800 чарчы метр аймакка ээлик кыларын тааныйт», — деп билдирген дүйшөмбү күнү берген маалымат жыйында.

Ошондой эле ал Тоолуу Карабахтагы армяндардын укугун коргоо жана коопсуздугу боюнча Баку-Степанакерт форматындагы сүйлөшүүлөрдү жандандыруу зарылдыгын жарыялады.

Мындан сырткары Пашинян Армениянын ЖККУдан чыгуусу мүмкүндүгүн да айтып өттү. Анын айтымында, азыр бул маселе талкууланып жатат. Пашинян ЖККУнун байкоочу миссиясы Ереванга келбей жатканын айтып, «эч нерсе» кылып бере албаган ЖККУ макамы Еревандын коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрүнө тоскоолдук жаратып жатканын да сындап өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM