Биз менен байланышыңыз

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу үчүн даярдыктар жүргүзүлүп жатат

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 220 | 0

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда ГЭСке чейинки жолдор, тоннель курулууда. Мындан башка электр линиясын тартууга, көмөкчордонду жана курулуш шаарчасын жайгаштырууга жайлар даярдалууда. Көпүрө куруу боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, республиканын жылдык керектөөсү 17,5 млрд киловатт-саат электр энергиясын түзүп, бул көрсөткүч жылдан-жылга өсүүдө жана дефицит пайда болууда. Ошол себептүү, «Камбар-Ата-1» ГЭСи ишке киргизилсе, өлкөдөгү муктаждыкты толук жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрү күтүлүүдө.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерин баштоого чейинки даярдык иштери 2024-2025-жылдары аягына чыгат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM