Биз менен байланышыңыз

Британияга мезгилдик иштерге тартылган кыргызстандыктардын укугун коргоо күчөтүлөт

Кыска кабар | 22 мая 2023 | 163 | 0

Бүгүн, 22-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Улуу Британиянын Эксплуатациялоого жана эмгек мыйзамын бузууга каршы чара көрүү өкмөттүк уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда Эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору менен аталган уюмдун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

«Бул кызматташуу жөнүндө меморандум Улуу Британияда убактылуу айыл чарба секторунда иштеген КР жарандарынын мыйзамсыз ишке орношуусуна каршы турууга жана алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, аларга маалыматтык-укуктук жардам көрсөтүүгө багытталган. Өткөн жылдан бери мамлекеттер аралык келишимге ылайык, кыргызстандыктар Улуу Британияга сезондук айыл чарба иштерине барышат, келишим аларды коргоону күчөтүү максатын көздөйт», — деди Базарбаев.

Эксплуатациялоого жана эмгек мыйзамын бузууларга каршы туруу кызматы Улуу Британиянын өкмөтүнүн айыл чарба тармагындагы сезондук жумуш программасынын операторлорун аккредитациялоо жана чет өлкөлүк жарандар үчүн аталган өлкөдө иштөө жана мыйзамсыз жумушка орношуунун алдын алуу үчүн милдеттүү болгон операторлорго лицензиясын берүү үчүн ыйгарым укуктуу уюм болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM