Биз менен байланышыңыз

Жер там салгандардын саны өсүп жатабы? Архитектор Эльдар Мураков менен маек

Блог | 22 мая 2023 | 1801 | 1

Учурда Кыргызстанда курулуш сезону активдүү башталды. Мындан улам NeoStyle компаниясынын директору жана архитектор Эльдар Мураковго «Үйлүү болгусу келгендерге там салуу ыңгайлуубу же батир сатып алуу ыңгайлуубу?» — деген суроону бердик. Айта кетсек, бул компания үч багытта: интерьер дизайны, жеке үйлөрдүн архитектуралык дизайны, курулуш жана оңдоо адистешкен.

-Батир сатып алуубу же жер там салуу ыңгайлуубу?

— Албетте, жер үй куруу эң ыңгайлуу. Бирок ал кыйла түйшүктүү жана инвестициялык жактан узак убакытты алат. Андыктан батир сатып алуунун процесси жеңилирээк. Батир үчүн баштапкы сумма бар болсо, калган акчаны бир же эки жылга бөлүп төлөсө болот. Ал эми жер там курууда андай болбойт. Каражат дароо керек: участок сатып алуу, 30-40 пайыз төгүм чогултуу, долбоор менен келүү, кесипкөй куруучуларды табуу, дизайнын макулдашуу жана документтерди даярдоо. Ошондой эле бүт процесс жеке көзөмөлгө алынышы керек. Бишкектеги стандарт участоктун орточо баасы Арча-Бешик, Беш-Күңгөй, Көк-Жар, Орто-Сай, Байтик, Воронцовка, Чоң-Арык тарапта 30 миң доллардан 40 миң долларга чейин.

Курулуш материалдары азыр кымбат. Бул батирлердин да, жеке сектордун да баасына таасирин тийгизет. Эгер жер там салууну кааласаңыз, анда куруучулардын орточо бааны сунуштаган бригадасын издеп, конкреттүү долбоорду макулдашып, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын сметага эмес, көлөмүнө эсептеп чыгууну сунуштайм. Жеке турак үйлөрдү курган курулуш компаниясына кайрылып, расмий келишим түзүп, негизги шарттарды жазыңыз. Бул сизди бир топ убарагерчиликтен куткарат.

-Азыр көпчүлүк шаардын сыртына, ыштан алыс жерлерге отурукташууга аракет кылып, кооз үйлөрдү салып жатышат. Үйдүн сырткы көрүнүшү (фасад) ушунчалык маанилүүбү?

— Жалпы архитектура жана фасаддардын архитектурасы сөзсүз үйдүн ички дизайны менен байланышта болот. Ошондуктан ар бир дизайнер жана кесипкөй архитектор ар дайым долбоорду үйдүн ички бөлүгүн пландоо менен баштайт. Ошондо гана жакшы натыйжа берет. Андан кийин айлана-чөйрө менен интеграциялоо: жашылдандыруу, жайгашкан жери (объект кайда болот жана ал кандай көрүнөт).

Мен менчик турак үй салууда функционалдуулук биринчи орунда турат деп эсептейм, андан кийин гана кооздук. Эгерде имарат жашоого ыңгайсыз, бирок кооз болсо, анда ал пайдалуу эч нерсе алып келбейт. Бул эки компонент дал келгенде гана шедевр пайда болот. Адамдар кооздукка, ыңгайлуулукка жана комфортко жакын. Архитектор имараттын жайгашуусунан баштап, желдин жүрүшү, Күндүн тийишине чейин ойлонгону маанилүү.

— Архитектурада кандай жаңы тенденциялар бар?

— Заманбап тренд энергия үнөмдөөчү үйлөргө багыт алууда. Кардар заманбап үй куруп, ошол эле убакта мүмкүн болушунча үнөмдүү болушун каалайт. Барган сайын үйлөрдүн аянты кичирейип, азыр көбү 150-250 чарчы метрди түзгөн үйлөрдү курдуртуп жатат. Мурда биз 450 же 500, ал тургай 700 чарчы метрге чейинки заңгыраган үйлөрдү курганбыз. Азыр тескерисинче, кыргызстандыктар чакан жана чыгымы аз үйлөрдү тандап жатышат. Анткени көпчүлүгү балдары чоңойгондо өтө чоң үйлөр бош каларын түшүнүштү.

Барган сайын функционалдуулукту жана заманбап технологияны тандоо өнүгүп жатат. Кеп «акылдуу үй» системасы, абаны калыбына келтирүү, жылуулук насостору жөнүндө (ал 1 киловатт электр энергияны сарптайт жана 3 киловатт жылуулук берет). Адамдар радиаторлорду орнотпой, жылуу полдорго басым жасап, бир кабат үйлөргө өтүштү. Бул жылуулукту үнөмдөөгө жардам берет. Бизде кескин континенттик климат жана температура өтө бат өзгөрөт. Мисалы, түнкүсүн суук, күндүз абдан ысык болгон учурлар бар. Бул салттуу жылытуу системасы үчүн да жакшы эмес, көп чыгымды талап кылат. Ошондуктан, автоматташтырылган жылытуу системасы — эң жакшы тандоо. Ошондой эле абаны тазалоочу тутум (вентиляция) да маанилүү. Ар бир үйдө абаны тазалоочу тутум болсо, көчөдөгү кир аба тазаланып, үйгө жеткирилет. Адам тазаланган абадан дем алып, кир аба желдетүү системасы аркылуу сыртка чыгарылат. Бул система курч респиратордук оорулардын таралышын азайтат, уйкуну жакшыртат жана тери дем алат. Жалпысынан үйдүн ыңгайлуу атмосферасы түзүлөт.

— Масштабдуу долбоорлоруңуз жөнүндө айтсаңыз. Азыр эмненин үстүндө иштеп жатасыз?

— Биз «Авангард Стиль» компаниясы менен биргеликте интерьерди жасалгалоо боюнча ири долбоорду: жалпы аянты 10 миң чарчы метрди түзгөн чоң кеңсени пландаштырууну ишке ашырдык.

Ошондой эле өлкөнүн бизнес борборлору, популярдуу спорт комплекстери жана көптөгөн банктар менен иштештик. Бишкектеги барлардын, ресторандардын жана соода комплекстеринин дизайны иштелип чыкты.

Бирок жеке үйлөргө жана чакан резиденцияларга көбүрөөк көңүл бурабыз. Максатыбыз: өзүнө ыңгайлуу премиум-класстагы турак жай курууну каалагандар менен иштөө.

— Сиздин бизнес кантип башталды жана сиз башкалардан эмнеңиз менен айырмаланасыз?

— Де-факто 2008-жылы иштей баштагам. Тааныштардын жардамы менен 20 чарчы метр чакан бөлмө таап, жалгыз иштедим. Андан кийин биринчи кызматкер, экинчи, үчүнчү жана башкалар келди. Азыр компанияда 75тен ашык адис иштейт. Ошондуктан бизде эң мыкты адистер бар. Мен өзүм спортсменмин жана тобокелге барууга даяр амбициялуу адамдарды гана жумушка алам.

Бизди башкалардан айырмалап турган нерсе: кардарды бактылуу кылууга умтулабыз.

— Эмне үчүн архитектор болууну чечтиңиз, кандай сапаттар ийгиликке жетүүгө жардам берди?

— Иним экөөбүздү апам тарбиялап чоңойтту. Ал биздин жумушка болгон кызыгуубузду арттырып, иштеп каражат табышыбызга көңүл бурду. Бала кезибизде биз үйдү өзүбүз куруп, оңдоп-түзөдүк: бетон куюп, короого брусчатка коюп, фасаддарын шыбап, чатырын жасадык. Ошентип курулушка сүйүү пайда болду.

Агам да Москвадагы ири компанияда архитектор болуп иштейт. Дайыма ишкерликти жакшы көрчү. Беш жашында велосипедин саткан. Чоңоюп калганда жашылча-жемиш, балмуздак сатып алектенди. Өзүнүн азык-түлүк дүкөнү болгон. Сатуу жана курулуш жашоомдо ар дайым жанаша жүрдү.

Мүнөзүм ушундай: ар дайым чоң натыйжаларга умтулам жана чоң максат мени алдыга умтултат. Менин миссиям: курулуштагы жаңы технологиялар аркылуу жашоо сапатын жакшыртуу.

— Кардарлар менен кантип тил табышууга болот? Кыйынчылыктар болобу?

— Кыйынчылык сөзсүз болот. Кардар эмнени кааларын билбейт, каржылык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке албай, турак жайы кең жана кымбат болушун каалайт. Мындай учурларда архитектор кардарга түшүндүрүп, талаптарга жана мүмкүнчүлүктөргө максималдуу жооп бере турган долбоорду иштеп чыгышы керек. Көбүнчө долбоорду эртелетип, мисалы, беш күндө иштеп чыгууну суранышат. Бул мүмкүн эмесин дароо айтам. Орто эсеп менен 40 жумушчу күнгө чейин убакыт талап кылынат. Ал конструкторлордун, инженерлердин, архитекторлордун, визуализаторлордун жана башка адистердин биргелешкен эмгегинен жаралат.

Кардарлар компетентсиз куруучуларды жалдап, биз бир гана долбоордун автордук көзөмөлүн жүргүзгөндө кыйыныраак болот. Имаратка келип, эмне кылуу керектигин жана аны кантип жасоо керектигин түшүндүрүүгө көп энергия сарптайбыз.

— Бүгүнкү экономикалык кырдаал архитектуралык чөйрөгө таасирин тийгизеби жана кыймылсыз мүлк рыногундагы өзгөрүүлөргө ылайыкташуу үчүн кандай чараларды көрүп жатасыз?

— Биздин өлкө — эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарында. Калкка турак жай жетишсиз. Айталы, Европада, Орусияда жана АКШда профицит бар, бизде тескерисинче, дефицит, жер аз. Жакынкы келечекте, болжол менен 10-15 жылдан кийин шаарга жакын жайларда курулуш үчүн жерибиз түгөнүп калат. Азыр борбор калаанын түштүк бөлүгүндө турак жайлар салына баштады. Көптөгөн компаниялар Байтик айылын көздөй, тоолорго жакын кетип жатышат. Эгер мындай тенденция улана берсе, анда бош жер калбайт. Биз фондду жаңыртышыбыз керек. Эски имараттарды бузуп, жаңы имараттарды куруу зарыл.

Архитектуралык чөйрө абдан өнүгүп жатат. Жыл сайын иштин көлөмү көбөйүүдө. Пандемия, Түркиядагы толкундоолор, Украинадагы согуштун натыйжасында адамдар жеке үйлөрдү курууга умтула башташты. Колунда барлар батирлерди ала берип, дээрлик «тойду». Эми алар акчасын шаар четиндеги үйлөргө жумшашат.

Участоктун баасы жыл сайын 10 пайызга өсүп жатат. Мисалы, Борбор Азиядагы Америка университетинин аймагында үч жыл мурда 6 сотых жер 40 миң доллар болсо, азыр 100 миң долларга чыкты.

— Келечекте коомдогу жана технологиядагы өзгөрүүлөр архитектурага кандай таасир этет деп ойлойсуз жана ага кантип даярданасыз?

— Мени эң көп тынчсыздандырган нерсе: жасалма интеллекттин өнүгүшү. Жакында архитектуралык долбоорлорду ишке ашыруучу программанын таанытымы болду. Башкача айтканда, жасалма интеллект бүтүндөй кварталдарды жана имараттарды курат. Келечекте жасалма интеллект интеграциясы имараттын өзүнө келет деп ойлойм. Компьютер адамдын тапшырмасы боюнча үйдү 100 пайыз автоматтык түрдө башкарат.

Өзгөрүүлөргө кантип даярданса болот? Дүйнөлүк рынокто кырдаал секунд сайын өзгөрүп турат. Ал эми Кыргызстандагы курулушта заманбап технологиялар боюнча күчтүү секирик азырынча жок. Албетте, Кытай боюнча өзүнчө сөз кылса болот. Ал жакта 3D принтерде тез курулуучу үйлөрдү жасап, эки жумада бир канча кабат турак жай салууда. Бизде каркас үй куруу көбөйүп, таш колдонуудан алыстап жатышат.

1 пикир

1 пикир

  1. Дамира

    23.05.2023 21:52

    Жакшы жанылык

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM