Биз менен байланышыңыз

Өзгөндөгү окуучулардын чырына байланыштуу бир нече мугалим жазаланды

Кыска кабар | 22 мая 2023 | 1919 | 0

Өзгөн районундагы Жумакадыр Мойдунов атындагы № 11 орто мектебинде окуучулар ортосундагы чыр-чатакка байланыштуу мугалимдер жазаланышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 17-майда сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон. Анда окуучулар арасындагы чатак видео тасмага тартылып, социалдык тармактарда тарап кеткен.

Буга байланыштуу Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгы комиссия түзүп, анын жыйынтыгында чатакка жол бергени үчүн айрым мугалимдерге тийиштүү чара колдонулган.

Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып барганы үчүн А. Жакыповага сөгүш жарыяланып, мектептин социалдык педагогу  Г. Кулмаматовага, 8 «а» классынын класс жетекчиси Г. Умаралиевага, 8 «б» классынын класс жетекчиси Р. Абдырахмановага эскертүү жазасы берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM