Connect with us

Айза Улан кызынын өлүмү: Күбөнү көрсөтмөсүн өзгөртүүнү талап кылган адам кармалды

Кыска кабар | 20 Май 2023 | 235 | 0

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жол кырсыктан каза тапкан ИИМдин Академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмү боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантылууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тергөөнүн алкагында М.Л.Ж. аттуу жаран күбө катары суракка алынып, тергөө органдарына учурда айыпталып жаткан У.Э.Н.нын жол кырсыкка тийиштүүлүгү тууралуу олуттуу маалыматтарды билдирген.

Андан кийин Р.у.Д. аттуу жаран М.Л.Ж.нын жеке маалыматтарын социалдык тармактарда таратуу жана каралоо менен коркутуп, ага жалган көрсөтмө берүүнү жана У.Э.Н.га каршы мурда берилген көрсөтмөлөрдөн баш тартууну талап кылган.

Белгилей кетсек, Р.у.Д. аттуу жаран Айза Улан кызынын өлүмүндө айыпталып жаткан негизги айыпталуучу У.Э.Н.нын таанышы болуп эсептелет.

18-майдан 19-майга караган түнү Бишкек шаардык прокуратурасы жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча күбөгө кысым көрсөтүү фактысы катталгандан кийин Р.у.Д. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүнө убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Андан аркы тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө Р.у.Д. аттуу жаран «ВЭБ-кам студияларынын» уюштуруучусу экендиги аныкталган. Ал Бишкек шаарынын аймагында порнографиялык материалдарды таратууга байланышкан виртуалдык интим кызматтарын көрсөтүү үчүн жаш кыздарды тартуу аркылуу мыйзамсыз иш жүргүзүп келгендиги такталды. Кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүүдө укукка каршы иш-аракетти күбөлөндүргөн буюмдук далилдер табылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM