Биз менен байланышыңыз

Кытай Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын импорттоого кызыкдар

Кыска кабар | 20 мая 2023 | 112 | 0

Президент Садыр Жапаров 19-майда, Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин шаарында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен жолугушту.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки жана көп тараптуу кеңири чөйрөдөгү кызматташтык маселелери талкууланды.

Кытайдын примьери Сиань декларациясында Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы планы, кызматташтыкты тереңдетүүнүн жаңы багыты аныкталганын белгиледи.

«Биз кыргызстандык досторубуз менен эки өлкөнүн ортосунда жетишилген маанилүү келишимдерди ишке ашырууга даярбыз. Кытай ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп кала берет», — деп ишендирди Ли Цян.

Ли Цян эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын оң динамикасын канааттануу менен белгиледи. Анын айтымында, зор рынокко ээ болгон Кытай Кыргызстан үчүн ачык. Ошого байланыштуу Кыргызстандан жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын импорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Президент кыргыз тарап Кытайдын мамлекеттик жана жеке ишканаларын, инвесторлорун Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө, биргелешкен экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырарын, кубаттаарын айтты.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай биргелешкен ири жана маанилүү долбоор болуп «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу саналат. Бул темир жолдун курулушу Кытайдын лидери Си Цзиньпин мырзанын «Бир алкак – бир жол» демилгесин турмушка ашырууда биздин өлкөлөрдүн кошкон салымы болуп саналат», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле Президент өз ара соода деңгээлин жогорулатууда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иши маанилүү роль ойноорун белгиледи. Кыргыз тарап алардын ишмердигин оптималдаштыруу үчүн «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын ишин жети күндүк график менен күнү-түнү иштөөгө өткөрүүнү сунуштоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM