Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Быйыл Европа банкы Кыргызстанга 41 млн евро бөлдү

Кыска кабар | 19 мая 2023 | 242 | 0
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Алматы шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукту.

Анда Акылбек Жапаров Европа банкы 16 долбоордун алкагында Кыргызстанга 41 млн евро инвестиция салганын айтты.

Тараптар Европа банкы аркылуу Түп – Каракол унаа жолун оңдоп-түзөө үчүн каржылык макулдашууну талкуулашты.

Аламүдүн-1 ГЭСин, Аламүдүн-2 ГЭСин жана Чакан ГЭСти реконструкциялоо, Быстров ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана реконструкциялоо жана башка бир катар долбоорлор тууралуу сөз болду.

Акылбек Жапаров энергия алуунун кошумча булактарын пайдаланууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасында кызматташууга чакырды.

«Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү 142,5 млрд кВт саатты түзөт. Учурда анын 10 пайызы гана өздөштүрүлгөн. Ошондой эле энергия алуунун кошумча булактарын өнүктүрүүгө да чоң мүмкүнчүлүктөр бар», — деди минкаб башчысы.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо сунушталган гранттык-элементтери бар долбоорлордун санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM