Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия президенттери Кытайдагы «Достук» аллеясына көчөт отургузду

Кыска кабар | 19 мая 2023 | 189 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 19-майда Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен бирге Сиань шаарындагы Достук аллеясына көчөт отургузду.

Мамлекет башчылары «Борбор Азия — Кытай» саммити аяктагандан кийин бак отургузуп, сүрөткө түшүштү.

Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен 18-майда барды. Ал бул өлкөнүн президенти менен жолугушуу өткөрүп, «Борбор Азия — Кытай» саммитине катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM