Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Курманбек Бакиев да өз кызыкчылыгын коргоого укуктуу

Кыска кабар | 19 мая 2023 | 414 | 0

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары 17-майдагы жалпы жыйынында Президенттин администрациясынан качкын президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо маселеси боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Улуттук телерадио корпорациясынын кызматкери, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевден интервью алганы кызуу талкуу жаратып, УТРК ички териштирүү жүргүзөрүн билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер аркылуу депутаттарга жооп берди. Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги барын, журналист кимден интервью алууну туура деп эсептесе, өзүнүн укугу экенин айтат.

Ошондой эле Курманбек Бакиев да жаран катары сотто болобу, же пикирин билдирүү аркылуу болобу, өз кызыкчылыгын коргоого укуктуу экенин белгилеген.

Байсаловдун айтымында, азыркы бийликтин позициясы – элди консолидациялоо жана улуттук ынтымакка жетишүү.

«Бардык экс-президент — кандай болбосун, биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү. Жогорку Кеңештин депутаттары пикир келишпестиктерди күчөтүүнүн жолдорун издебестен, бул саясатты колдосо, жакшы болмок», — деп жазган Эдил Байсалов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM