Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Кытайдын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 19 мая 2023 | 158 | 0

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен Сиань шаарында жолугушту.

Мамлекет башчысы Кытай ишкерлерине Кыргызстандагы артыкчылык берилген долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштап, өз өлкөсүнүн инвестициялык дарамети чоң экенин, мамлекет тарабынан инвесторлорго керектүү шарттар түзүлүп, корголуп жатканын айтты. Анын ичинен ГЭСтерди куруу долбоорлоруна катышууга чакырык таштап, эгер кызыкчылык жаралса, кыргыз тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда кызматташуу боюнча сунуштарды, механизмдерди карап чыгышарын белгиледи.

Мындан сырткары кытай ишкерлери үчүн Кыргызстан инвестициялык виза киргизгенин, эгер өлкө экономикасына 10 млн сомго чейин киреше киргизсе, ал 5 жылга, 20 млн сомго чейин киреше киргизсе, 10 жылга узартыларын кабарлады.

Кытай тарап инфратүзүмдүк, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин, эки тараптын кызыкчылыгындагы транспорт, коммуникация, энергетика, курулуш, айыл чарба, туризм сыяктуу тармактарда кызматташуу кызыкчылыгын билдиришти.

Президент менен жолугушууга жол жана көпүрө куруу, темир жол, энергетика, транспорт, коммуникация, маалымат технологиялары, билим берүү, туризм тармактарында иш алып барган ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM