Биз менен байланышыңыз

Туризм фондунун жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды

Кыска кабар | 19 мая 2023 | 162 | 0

Өткөн жылы түзүлгөн «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо» фондунун жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКга баштапкы капиталы млрд сомду түзгөн фондго бөлүнгөн каражат эсепсиз ысырап кылынганы, максатсыз пайдаланылганы, жетекчилери эмгек акысын негизсиз жогорулатып алганы, туристтик жайлардын өтө кымбат курулганы боюнча маалымат түшкөн.

Айтылган маалыматтар Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен катталып, иликтөө жүргүзүлгөн. Анын алкагында фонддун кеңсеси тинтилип, тергөөгө тиешелүү каржылык документтер алынган.

Документтерди текшерүүдө өткөн жылы фондго мамлекет бюджетинен млрд сом бөлүнгөнү, анын 608 млн сомдон ашыгы туризмди өнүктүрүү жаатында бир катар долбоорлорго каралганы маалым болгон.

Мунун ичинен 21 Rest Point куруу үчүн 100% келишимдик сумма менен аткаруучу компанияларга 105 млн сомдон ашык акча которулган. Бирок биринин да долбоордук-сметалык документтери, аткарган иштеринин актылары жана каржылоонун негиздемеси болгон эмес, ушул кезге чейин бир да курулуш пайдаланууга берилбеген. Аны менен катар Rest Pointтерди куруу өтө кымбат бааланып, чыгымы 13 млн сомдон ашык сумманы түзгөн.

Ар бир келишимдин баасы 40 миңден 256 миң еврого чейин өзгөрүп турган, ар кандай туристтик жайларды өнүктүрүү боюнча «Концептуалдык идеяларга» 715 миң евродон ашык акча сарпталып, аларды даярдоо боюнча чет өлкөлүк компаниялар менен көптөгөн келишимдер түзүлгөн. Келишимдерде техникалык шарттарды, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу каралган эмес, долбоор даярдоо менен гана чектелип келишкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө андан тышкары бир гана арыздын негизинде 65 млн сомдон ашык акчаны жеке компанияларга бизнес-планы, долбоору жок эле жеңилдетилген шартта кредиттерди бергени такталган.

Учурда фонддун мыйзамсыз аракеттеринин аркасында мамлекет тарткан зыяндын так көлөмүн аныктоо үчүн тиешелүү экспертизаларды дайындоо пландалууда.

Табылган далил-фактылар эске алынып, фонддун президенти К.Е.А. жана вице-президенти В.А.И УКМКнын тергөө абагына камалганы, райондук сот жакынкы күндөрү баш коргоо чарасын карай турганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM