Биз менен байланышыңыз

Электрондук эсеп-фактураны милдеттүү колдонуу күчүнө кирди

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 375 | 0

2023-жылдын май айынан тарта бардык салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураны колдонууга милдеттүү экенин Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Эсеп-фактураны колдонуу боюнча жаңы талаптар Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги токтому менен киргизилген.

Эми бардык салык төлөөчү Салык кызматынын маалыматтык системасына катталып, электрондук эсеп-фактураны колдонушу керек. 

Бул талаптар көзөмөл-кассалык машина (ККМ) менен иш жүргүзгөн жана патенттин негизинде салык төлөгөн же бирдиктүү салыктын негизинде нөлдүк ставканы колдонгон салык төлөөчүлөргө (жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпаган) тиешелүү эмес. 

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тарта электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, импорттоочулар, экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тарта жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр милдеттүү колдонот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM