Биз менен байланышыңыз

Кара-Кулжадагы калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды (видео)

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 707 | 1

Кара-Кулжа райондук калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, комплекстүү иликтөөнүн жүрүшүндө айтылган бөлүмдүн кызматкерлери калкка көрсөткөн көмөгүнө мыйзамсыз акча алып турушканы аныкталган.

Топтолгон далилдердин негизинде УКМКнын Ош облустук башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 251-беренесинин 1-бөлүмү (кызматкердин мыйзамсыз сый акы алуусу) менен иш козгоп, шектүүлөр: Кара-Кулжа райондук калкты каттоо бөлүмүнүн башкы адиси С.Н.Т.га жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча кызматкери М.Т.А.га айып коюлган.

Белгилей кетсек, буга чейин ушул эле бөлүмдүн жетекчиси Ж.Ж.Ж.га да айып тагылган болчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Баязид

    18.05.2023 20:56

    Эң жакшы кармалыптыр, жакшы болуптур да, коррупциянын баары ошол жерде болчу.Зарыктырып элдин баарын күттүрот.Карапайым калкты кууратып эле бүтүрөт.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM