Биз менен байланышыңыз

УКМК: Ошто бажычылар менен темир жол башчысы кармалды (видео)

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 340 | 0

Оштогу «Достук» бажы көзөмөл жеринин (МПТП «Достук») башчысы, нөөмөт башчысы, Ош темир жол башкармалыгынын башчысы коррупция шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, бул адамдардын «Достук» бажы көзөмөл жеринде иш жүргүзгөн жеке ишкерлерден мыйзамсыз акча чогултуп алып турушканы аныкталган.

Учурда бул ишке башка адамдардын да тиешеси бар же жок экенин аныктоо, кармалгандарды тергөө, суракка алуу жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM