Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын төрагасы болгонго укугу жок

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 704 | 0

Улуттук телерадио корпорациясынын кызматкери, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын мурдагы президенти, учурда Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевден маек алган туура эмес болуп жатат. Мындай пикирин парламенттин депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, бул окуядан кийин Кадыр Кошалиевдин Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы болгонго укугу жок.

Депутат Кадыр Кошалиевдин аракетин көзөмөлгө алуу керектигин, туура эмес иш болуп жатканын белгиледи.

УТРКнын продюсери Алмаз Касымалиевдин айтымында, Кадыр Кошалиев Бакиевден жетекчилик менен макулдашпастан маек алган. «ПолитКлиника» медиасы бул маек УТРКга караштуу «Маданият, тарых, тил» телеканалында жарыяланып жүргөн «Кыргыз ааламы» берүүсүнүн форматында жасалганын аныктаган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Курманбек Бакиевге карата 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка иштер боюнча сыртынан сот өкүмү чыгып, 30 жылга эркиндигинен ажыратылган.

2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлиги кулатылып, 100гө чукул адамдын өмүрү кыйылган. Андан кийин ал Кыргызстандан качкан. Учурда ал Беларуста баш калкалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM