Биз менен байланышыңыз

Депутат Өмүрзаков ЖРТди акысыз кылууну сунуштады

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 157 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков парламенттин 18-майдагы жыйынында жалпы республикалык тестирлөөнү бекер өткөрүүнү сунуштады.

Ал ар бир жаран Башмыйзамдын негизинде орто жана баштапкы билимди акысыз алууга укуктуу экендигин белгиледи.

Анын маалыматы боюнча ЖРТнын жалпы түрүнө катышуу 470 сомду түзөт. Кошумча предметтерге дагы 470 сомдон төлөнөт. Орто эсеп менен бир окуучу 1400 сом акча төлөп, тестке катышат.

Депутат эң өкүнүчтүүсү бул акчалар бюджетке түшпөй, жеке компанияга түшүп жатканы экенин айтты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM