Биз менен байланышыңыз

Кокулов: «Ак-Кеме» мейманканасына өкмөт төрт лифт коё албай жатат

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 285 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов бүгүнкү жыйынды Кыргызстандагы туризм тармагын өнүктүрүү маселесин көтөрдү. Ал өлкөдө туризм тармагында пландар айтылган менен көчүлүк учурда ишке ашпай калганын белгиледи.

Ошондой эле ал туризмди өнүктүрүү жаатында жапырт иш алып барууну сунуштады.

Ал «Ак-Кеме» мейманканасы иштебей жатканын бир жыл мурда көтөргөнүн  белгилеп, бир жылда эч нерсе өзгөрбөгөнүнө өкүндү. Ошондой эле аны иштетүүгө болгону 4 лифт коюу керектигин, өкмөт аны бир жылдан бери коё албай жатканын белгиледи.

Ошондой эле депутат Кыргызстандын D-Billions тобу дүйнөлүк брендге айланып жатканын белгилеп, анын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, дүйнөгө белгилүү парк ачууну сунуштады. Ошол аркылуу өлкөгө туруистерди тартууга жана киреше табууга боло турганын белгиледи.

YouTube’да Кыргызстандын D-Billions тобунун 25  млн катталуучусу бар.

Эл өкүлү мындан сырткары блогерлер Кыргызстандын кооз жерлерин тартып, туристерди өлкөгө тартып жатканын жогору баалап, бирок бийлик алар аткарган иштерди аткара албай келерин сынга алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM