Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барды

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 237 | 0

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барды.

Мамлекет башчысы жана анын жубайы Айгүл Жапарова түшкөн учак Сиань шаарындагы «Сяньян» эл аралык аэропортуна конду.

Кыргызстандан баргандарды Ардак кароолдун коштоосунда Кытайдын маданият жана туризм министри Ху Хэпин тосуп алды.

Садыр Жапаров мамлекеттик сапардын алкагында «Борбор Азия-Кытай» саммитине катышат. Андан тышкары Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, мамлекеттик кеңештин премьери Ли Цян, Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жолугушуулары мерчемделген.

Президент катышкан иш-чаралар Сиань, Пекин, Цзинань шаарларында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM