Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Жакынкы он жылда миллиондогон иш орун бош калат

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 213 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү тармагын реформалоонун 5 багытына токтолуп, технологиянын өнүгүшү менен билим берүү системасын толугу менен реформалоо милдети коюлганын «Санариптик мектеп» форумунда белгиледи.

«Жасалма интеллект технологиялары менен жашай албаган жана иштеше албаган адам сабатсыз болот. Азыр маалыматтык технологиялар жаштарга социалдык абалына, материалдык абалына жана башка факторлорго карабастан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берди», — деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы «жакынкы он жылда адамдардын ылайыктуу билими жогунан он миллиондогон жумуш орун бош каларын» кошумчалады.

Акылбек Жапаровдун айтымында, «мындай шартта мугалимдердин ролу таптакыр башка мааниге ээ».

«Эгерде мугалимдерибиз заманбап технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, жаңы билимге ээ болуп, жаңы жөндөмдөрдү өздөштүрбөсө, өздөрүнө жаңы горизонтторду таппаса, балдарыбыз «артта» калат. Биз балдарыбызды алар 25 жылдан кийин жашай турган доордун талаптарына жооп бере тургандай тарбиялашыбыз керек», — деди ал.

Белгилей кетсек, форумда венгриялык Mozaik Education компаниясынын таанытымы болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM