Биз менен байланышыңыз

Дмитриевкадагы атышуу. Куралчан адам ижарага алган үй өрттөнүп кетти

Кыска кабар | 17 мая 2023 | 529 | 0

Бүгүн, 17-майда эртең менен саат 08:21 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында күч органдарынын кызматкерлери террорчулукка шектелген куралдуу жаранды кармоо операциясын өткөрүштү. Ал күч кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн жашаган үйү күйүп кеткен.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жерине министрликтин куткаруу кызматынан 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Абал кооптуу болгондуктан күч органдарынын атайын операциясы аягына чыккандан кийин, өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону түшкү саат 12:28де толук өчүрүшкөн. Өрт кырсыгынын кесепетинен 303 чарчы метр жеке турак жай толук күйүп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM