Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 18-майда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 17 мая 2023 | 583 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет маалымдагандай, 18-майга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз дээрлик өлкөнүн бардык облустарынын аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +20…+22 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM