Кыргызгидромет маалымдагандай, 18-майга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз дээрлик өлкөнүн бардык облустарынын аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23,
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +20…+22 градус болот.