Биз менен байланышыңыз

Гемодиализ борборунун курулушуна милдеттүү ишкананын директору кармалды

Кыска кабар | 17 мая 2023 | 417 | 0

Токтогул шаарында гемодиализ борборунун имаратын куруу боюнча милдеттенмелерди аткарбаганы үчүн жеке компаниянын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Такталгандай, 2021-жылдын октябрында Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун аймагына гемодиализ борборун куруу боюнча 15 млн 941 миң 684 сомго тендер жарыяланган.

Жыйынтыгында 12 млн 907 миң 508 сом сунуштаган «А.С.С.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Бирок аталган мекеменин директору А.А.Б. эсебине 7 млн 781 миң сом түшүп, 2022-жылы курулуш иштеринин 10%ын гана бүтүрүп, дайынсыз жоголгон.

Учурда кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Иштин алкагында «Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын тескөө боюнча дирекциясы» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин иши текшерилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM