Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш ТүркПАнын башкы кеңсесине боз үй белек кылды

Кыска кабар | 17 мая 2023 | 217 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 16-майдагы Азербайжанга болгон сапарынын алкагында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Баку шаарындагы башкы кеңсесине Жогорку Кеңештин атынан боз үй белек кылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Боордош мамлекеттердин парламенттеринин башын кошкон Ассамблеянын кеңсесине кыргыз боз үйүнүн тигилиши жакшы саамалык экенин белгилеген Нурланбек Шакиев:

«Ак өргөөбүз — бабалардан калган баалуу мурасыбыз. Андыктан бул жерден кыргыздын кылым карыткан тарыхы менен тааныштырылып, келгендерге бай маданиятыбыз тууралуу маалыматтар берилет деген ишеничтемин», – деди.

Андан соң төраганын катышуусунда көчөт олтургузулду.

Белгилей кетсек, ТүркПА 2008-жылдын 21-ноябрында Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын жана Түркиянын парламенттеринин төрагалары кол койгон келишимдин негизинде Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында түзүлгөн. Ал эми 2009-жылдын 29-сентябрында Ассамблеянын регламенти, катчылыгынын жобосу кабыл алынып, башкы кеңсеси Баку шаарына жайгаштырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM