Биз менен байланышыңыз

17-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 мая 2023 | 375 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 17-майда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM